«Билгирим Академиясы» жөнүндө

«Билгирим Академиясы» жөнүндө

Мен Жээнбекова Чолпон Абдылдаевна. Кесибим - психолог. 4 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келем. Мен жана менин командам бир нече долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатабыз:
Мугалимдердин билим сапатын жогорулатуу максатында республика боюнча 3500 педагоггко онлайн форматта акысыз сабак бердик.
Улан, кыздарга психология жөнүндө кеңири маалымат берүү, кыргыздын улуттук каада салты тууралуу маалыматты жайылтуу жана балдарда патриоттук сезимди ойготуу максатында жайкы этно-лагерь уюштурулуп, ага жалпы 1000ге чукул бала келип эс алып кеткен.
Балдардын психологиясы тууралуу маалыматтын жетикиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, ошондой эле психоречтин өнүгүүсү начар балдарга колдоо корсотүү үчүн“Психология жана логопедия” багытында бир жылдык окуу уюштурулган.
Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырганга кол кабыш кылуу максатында «Билим булагы»долбоорун иштеп чыктык. Анда 10 жана 11 класстын окуучуларын 1 жыл боюу ЖРТга психологиялык жактан жана предметтик сабактардан даярдайбыз.
Мектептерде өтүүчү олимпиаданын жыйынтыгын жакшыртуу максатында ушул жылдан тарта предметтик олипиадаларга да даярдоо багытында окуулар уюштурулду.

“Билгирим Академиясы”менен бирге Жалпы Республикалык Тестирөөгө жана Олипиадага даярдан!

ЖРТ

Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярдоо үчүн бизде атайын иштелип чыккан методика бар. Биз сени ЖРТга бир жыл боюу даярдайбыз. Сабак жумасына 5 жолу онлайн форматта өтөт.
Жалпы Республикалык Тестирлөөгө Даярдоо онлайн форматта болот, жумасына 5 жолу 1 сааттан. ЖРТга даяр болуу үчүн биринчи кезекте психологиялык даярдык керек, ушундан улам сага психология жана кесипке багыт берүү багытында билим берилет.
  • 1-күнү психология сабагынан мугалим Чолпон Жээнбек
  • 2-күнү математика сабагынан мугалим Айна Кенешовна
  • 3-күнү кесипке багыт берүү багытында мугалим Сурма Шаршенбаева
  • 4-күнү кыргыз-тили сабагынан мугалим Таалайбек кызы Бегайым
  • 5-күнү контролдук онлайн тестирлөө болот.
Кошумча предметтик сабактарды танда:
  • 1-Химия
  • 2-Биология
  • 3-Физика
  • 4-Тарых
  • 5-Англис тили
ЖРТга даярдоо боюнча бир жылдык окуу - 35700 сом, 85% акция менен, айына 5370 сомдон жазыл.

Олипиада

Олипиада - бул сен үчүн чоң сыноо жана жарыш! Сени ийгиликтүү жыйынтыкка жеткирүү максатында Республикадан байгелүү орунга жеткиребиз. Ал үчүн бизде мыкты мугалимдер бар.
Олипиадалык предметтер жана мугалимдер:
  • 1. Кыргыз тили жана адабияты Мугалим-
  • 2. Орус тили жана адабияты Мугалими -
  • 3. Англис тили мугалими -
  • 4. Математика мугалими -
  • 5. Физика мугалими -
  • 6. Химия мугалими -
  • 7. Биология мугалими -
  • 8. География мугалими -
  • 9. Тарых мугалими -
  • 10. Информатика мугалими -
Олипиадага даярдык көрүү иштеринде дагы психологиялык колдоо керек болот. Ошол себептен окуучуларга жумасына бир жолу Жээнбекова Чолпон жана Шаршенбаева Сурма сабак өтөт.
Бир жылдык олимиадага даярдоо 35700 сом, 85% акция менен, айына 5370 сомдон жазыл.
Дареги: Ош шаары, “Жамбы”бизнес-борбору

Сурап-бирүү үчүн телефон: 0999-555-170